2,4 миллион сомдук кыймылсыз мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 10-февралда УКМК тарабынан мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген жана жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы боюнча, «Кадастр» МИ Сокулук филиалынын директору Т.А.К. жана көрсөтүлгөн мекеменин жетектөөчү адиси М.Р.А. кармалган.
Такталгандай, Т.А.К. жана М.Р.А. Жабык Акционердик Коомдун директорлорунун бирине жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдашкан.
Жогоруда аталган адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 2,4 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
2021-жылдын 31-мартында Чүй облусунун административдик соту көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берди.
Ошондой эле УКМК М.Р.А. жана Т.А.К. карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши тергелип жатат.
Учурда УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.