2020-жылдын 15-августунан 16-августуна караган түнү «үйдөн кууп чыгып салат» деген коркунуч менен өз баласын балка менен чаап өлтүрүүнү көздөгөн атага 5 жыл эркинен ажыратуу өкүмү чыкты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
Ал сот залынан: «15-августтан 16-августка караган түнү баары жатууга камынышкан. Ага чейин алкоголдун айынан түшүнбөстүктөр болгон, анан түнү мени үй-бүлөм үйдөн кууп чыгып салат деп ойлодум. Мен бөлмөдөн чыгып балам уктап жаткан бөлмөгө кирдим, анан балка менен башка чаптым. Анын кыйкырыгынан үйдөгүлөр ойгонуп кетишип, мени токтотуп калышты. Мен эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Аны ооруканага өзүм алып бардым», — деген.
Ал эми жабырлануучу акыркы 5 жылда Россияда иштеп жүргөнүн, ага апасы чалып келүүсүн өтүнгөнүн айткан.
«Мен Россияда иштеп жүргөндө үй салдым. Келер алдында атам тынымсыз арак ичип, апамды сабаганы тууралуу билдим. Анан атама үйдөн кетип калуусун, ал менен бир үйдө чогуу жашай албасымды айтып жатып алгам. Түндө башыма тийген катуу соккудан улам ойгондум. Мен эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Бир көргөнүм туугандарым атамды алып жатышканы болду. Канга чыланып калгам, анан ооруканага алып барышты», — дейт ал.
Дарыгерлер баланы бир аз кечиктирип алып келгенде комага түшүп, жоготуп алуу коркунучу бар экенин айтышкан.
Процесстин катышуучулардын ар биринин оюн угуп сот атасын күнөөлүү деп таап, «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» фактысы менен 5 жыл эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.