Ыргал Кадыралиева үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн жарыштан четтетилди. Бул тууралуу тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ак-Бата конушунда депутаттыкка талапкерлер Нариман Түлеев жана Ыргал Кадыралиеванын катышуусунда массалык спорттук иш-чара өткөрүлүп, бекер тамак-аш таратылгандыгы боюнча ЖМКларда жарыяланган маалыматтардын негизинде, «Ак Бата» партиясына эскертүү берилип, Ыргал Кадыралиева жарыштан четтетилди», — деп жазылат маалыматта.