7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМдин кызматкери COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин каза болдубу? Министирликтен жооп

1017

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров каза болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

«Бахтияр Шакиров Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын системасында өз эмгек ишмердүүлүгүн КР ТИМдин Консулдук кызмат департаментинде баштаган, ошондой эле ТИМдин Эл аралык укук департаментинде жана Москва шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде иштеген.

Ал кесиптештеринин эсинде эмгекчил, адамга ар дайым жардам берүүгө даяр жана ак ниет адам катары калат. Ал кесиптештеринин арасында урмат-сыйга ээ эле. Анын жаркын элеси кесиптештеринин эсинде түбөлүк сакталат», — деп жазылат Тышкы иштер министрлигинин тараткан маалыматында. Ал эми,  саламаттык сактоо министринин мурунку кеңешчиси Елена Баялинова Тышкы иштер министрлигинин каза болгон кызматкери жөнүндө социалдык тармактарга билдирүү жазган.

Анын айтымында, 39 жаштагы маркумдун туугандары ага 2-апрелде эртең менен телефон чалышканда ал бир күн мурун COVID-19га каршы эмделгенин жана Кытайдын SinoPfarm вакцинасын биринчилерден болуп алганын билдирген.

«Бахтияр Шакиров Москвадагы квалификациясын жогорулатуу курстарына кетмек, ошондуктан ал өзүн коргоп, эмдөө процедурасынан өтүүнү чечти. Менин оюмча, болгон окуяны терең изилдөө менен, Саламаттык сактоо министрлиги объективдүү кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыктары жөнүндө отчет бериши керек. Ал эми өлкөнүн дарыгерлери бул фактыны эске алып, кыйынчылыктарды, жаңы жоготууларды болтурбоо үчүн эмдөөдөн өтүү үчүн жарандарды кылдаттык менен текшерип чыгуусу керек», – деп жазган ал.

Бул окуяга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министири Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радиого» берген маегинде жооп кайтарды.

«29-март күнү биз эмдөөнү баштадык. Аны баштардын астында 53 өлкөдө кылынып жаткан вакцинанын кандай терс таасири бар экенин, элдерге кандай таасирин тийгизип жатканын баардыгын изилдеп туруп макул болдук. Азыркы учурда 500гө жакын жаран эмдөөдөн өттү. Бирок, алардын эч биринен эмдөөнүн терс таасири байкалган жок. Ал эми Тышкы иштер министрлигинин кызматкери каза болгондугу тууралуу маалымат кенен тарап жатат. Биз ага эч кандай эмдөө жасаган эмес экенбиз.  Анткени анын аты-жөнү биздин тизмеде жок болуп чыкты. Ал вакцинаны кайдан алган, эмнеден улам каза болгон менин так маалыматым жок «-деди Бейшеналиев.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1018