7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  

Курсы валют:

84,50
USD –0,06%
102,95
EUR +0,11%
1,18
RUB +0,66%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
24°C

Аймактарга которулган район акимдери активдерге тааныштырылды

375

Кыргызстандын облустарындагы жергиликтүү активдерге президенттин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында дайындалган, ошондой эле ротациядан өткөн райондук мамлекеттик администрация башчылары –акимдери тааныштырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тааныштыруунун жүрүшүндө район башчыларынын ишиндеги негизги багыттар белгиленди, өзгөчө басым аймактагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууга жасалышы керек.

Белгилесек, 24-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жаңы дайындалган, ошондой эле ротациядан өткөн райондук мамлекеттик администрация башчылары – акимдери менен жумушчу кеңешме өткөргөн, анын жүрүшүндө акимдер алдында турган маанилүү милдеттерди көрсөткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

376