Журналист, блогер Эрулан Кокулов олуттуу илдет менен күрөшүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал «Цена вопрос» YouTube каналына берген маегинде билдирди.
Анда ал: «Акыркы убактарда мен өзүмө, туугандарыма, жакындарыма аябай көп убакыт бөлүп жатам. Себеби, мен өзүмдүн ден соолугумда олуттуу көйгөй бар деп ойлойм. Бул өтө эле олуттуу оору экенин сезем. Андыктан, мага жакын арада жеткиликтүү медициналык жардам керек. Я мен өзүмдүн ооруп жатканымды билем. Бир азда толук анализ тапшырып бүтөм», — деген.
Журналисттердин: «Бул ошончолук эле олуттуубу? Бирок сен жашайсың да?», — деген суроолоруна: «Ооба бул өтө олуттуу. Билбейм, көрө жатарбыз», — деп жооп узаткан.
Белгилей кетсек, Эрулан Көкүлов коомчулукка «Не сахар» долбоору менен белгилүү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram