Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын финалына өттү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында берилди.
Маалыматка ылайык, финалга чыкчу кармашта Айпери Медет кызы америкалык Кайли Рени Велкерди 8:0 эсебинде утуп алды.
Белгилей кетсек, 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы финалда колумбиялык Татияна Рентерия аттуу балбан менен кез келет. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө старт алат.
Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы коло медаль багындырган.