7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айпери Медет кызы күмүш медалды багындырды

293

Балбан Айпери Медет кызы Хорватиянын Загреб шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 76 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде Түркиянын 19 жаштагы (U-23) Европа чемпионун мөөнөтүнөн мурда жеңген.

Ал эми чейрек финалда АКШнын учурдагы Панамерика чемпиону менен килем үстүндө жолугуп, кармаштын аягына 10 секунд калганда жеңишке жетишкен.

Жарым финалда Медет кызы учурдагы Европа чемпиону — украиналык балбан менен беттешип, аны 10:5 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган.

18-сентябрга караган түнү финалдык беттеште кыргызстандык балбан Эквадордон келген Генезис Росангела Валдез менен күч сынашып, 2:4 эсебинде утулуп калды. Айпери Медет кызынын бул медалы дүйнө чемпионаттарындагы үчүнчү байгеси болду. 2021-жылы ал коло, 2023-жылы күмүш медаль алган.

294