7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айрым мамлекеттик имараттарды жана ЖОЖдорду Токмокко көчүрүү сунушталды

293

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараев жыйын учурунда айрым жогорку окуу жайларын Токмок шаарына көчүрүү демилгесин көтөрдү.

Эл өкүлү көптөгөн өлкөлөрдө атайын студенттик шаарчаларды түзүү тажрыйбасы бар экенин белгиледи.

«Эгерде биз Токмокту студенттик шаарчага айландырсак, бул абдан жакшы болот, себеби ал борбор калаага жакын жайгашкан. Ошондой эле айрым мамлекеттик органдарды, анын ичинде облустук деңгээлдеги аппаратты – Чүй облусунун администрациясын Токмокко көчүрүүнү сунуштайм. Бул бош турган мамлекеттик объекттерди натыйжалуу пайдаланууга, борбор калаадагы жүктөмдү азайтууга жана Токмок шаарынын макамын көтөрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле чакан жана орто бизнестин өсүшүнө, аймактар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болот», — деди Саккараев.

294