7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шаар күнүнүн алкагында муниципалдык түзүмдөргө 11 унаа жана 10 велосипед тапшырылды

284

Бүгүн Бишкек шаарынын 148 жылдыгынын алкагында мэр Айбек Жунушалиев муниципалдык түзүмдөргө жаңы кызматтык техникаларды тапшырды. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Маалым болгондой,  анда мэр шаардык кызматтардын мобилдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн 11 жаңы унаанын ачкычтарын жана 10 заманбап электровелосипедди тапшырды.

«Башкы максат – шаардык кызматтардын сапаттуу жана ыкчам иштөөсүн камсыз кылуу. Берилген техника ишиңиздерди жеңилдетип, шаардын өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем», – деди ал.

Мындан тышкары, бүгүн борбор калаада фонтандар сезону ачылып, мэриянын алдындагы реконструкцияланган фонтан ишке кирди. Шаар башчысы техникалык базаны жаңылоо муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталганын баса белгиледи.

285