Айсулуу Тыныбекова курама команданын мүчөлөрүнүн атынан спортчуларды колдогон жалпы мекендештер менен күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабеков талбас эмгеги менен кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, Кыргызстанды бүт дүйнөгө тааныткандыгын белгиледи.
«Келечекте мыкты кыргызстандык чемпиондордун жаңы ысымдары чыгарына ишенем, ал үчүн ар бир спортчу өз Мекенинин патриоту болушу керек жана чарчабастан машыгуусу зарыл», — дейт Айсулуу Тыныбекова.
Өз кезегинде Нурбек Изабеков машыктыруучулар штабынын атынан өлкө жетекчилигинин жана жалпы эле кыргызстандыктардын жылуу кабыл алуусуна жана колдоосуна ыраазычылыгын айтты.
«Мен 2010-жылдан тарта күрөш боюнча кыз-келиндер командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеп келем. Бул жылдар аралыгында биз көп нерсени башыбыздан өткөрдүк: жаракат алдык, жеңилдик. Бирок аларга карабастан, чөгүп отуруп калбастан абдан катуу иштедик, туура коюлган стратегия менен жеңиштерге жеттик», — деп айтты Нурбек Изабеков.