7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында эки жолу алтын медалын багындырды

884

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси болду. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышып, япониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде утуп алды. Мелдештин чейрек финалында кыргызстандык спортчу белорустук Вераника Иванованын далын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздаса, жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюкту 5:2 эсебинде жеңди.

Тыныбекова финалдык беттеште америкалык Кайла Коллинди 7:0 эсебинде утуп алды.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Казакстанда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында да алтын медаль багындырган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

885