7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова Күрөш федерациясынын вице-президенти болду

494

Бүгүн, 21-октябрда, Кыргыз күрөш федерациясынын кезексиз жыйыны өтүп, айымдар арасындагы вице-президентин шайлоо болду.

Кезексиз жыйын федерациянын жетекчиси Эркин Тентишевдин төрагалыгы алдында өттү. Кыргыз күрөш федерациясынын айымдар арасындагы мурунку вице-президенти Динара Исаева бул кызматта 10 жыл иштеп, эми аны жаштарга өткөрүп берүүнү көздөгөнүн билдирди.

Исаеванын айтымында, 10 жыл ичинде айымдар арасындагы күрөштө кыргыздын балбан кыздары көптөгөн ийгиликке жетти. Айымдар арасындагы күрөш боюнча Кыргызстандын азыр дүйнөдө өз орду бар, ага Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын жетишкендиктери айкын мисал.

Он жыл мурун өлкөдө 1 гана медаль болсо, азыр 170 медаль бар. Жетекчилик милдетин өткөрүп берип жаткан Динара Исаева өз ордуна Айсулуу Тыныбековадан башка татыктуу талапкер көрбөй турганын билдирди. Тыныбекованын талапкерлиги Федерациясынын тандоосуна коюлуп, колдоо тапты.

495