7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын дан азыктары “Торугарт” аркылуу Кытайга экспорттолот

146

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь менен жолукту.

Жолугушууда “Торугарт” көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу Кыргызстандан дан азыктарын Кытайга экспорттоо макулдашылды. Эми Чүй облусундагы дыйкан фермерлери үчүн өздөрүнүн дан азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк ачылды.

Ошондой эле “Торугарт” көзөмөл өткөрүү бекетинин иштөө графигинин мөөнөтүн узартуу сүйлөшүлдү.

“Торугарт” бекети аркылуу дан азыктары үчүн кошумча каттамды ачуу экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, айыл чарба продуктулары менен өз ара соода жүргүзүүнү мындан ары дагы өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

147