7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга мунайды кайра иштетүүчү завод куруу каралып жатат

9

Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу, мунай продуктуларын жеткирүү, кендерди чалгындоо жана иштетүү жана боюнча Кытайдын ири мунай-газ компаниялары менен бир нече долбоорлор талкууланды. Аталган маселелер минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында сүйлөшүлдү.

Анда Акунбеков Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын (CNPC)директорлор кеңешинин төрагасы Дай Хоулян, ошондой эле Кытай мунай жана химиялык корпорациясынын (Sinopec) директорлор кеңешинин төрагасы Хоу Цицзюн менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө минкаб төрагасынын орун басары Садыр Жапаровдун өлкөнү мунай менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмасына ылайык, аталган компаниялар менен жолугушуп, бул тармактагы кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Учурда Кыргызстанда мунай менен иш жүргүзгөн компаниялар кытайлык “CNPC” жана “Sinopec” корпорациялары менен келишимдерди түзүп Кыргызстанга мунай продуктулары үзгүлтүксүз жеткирилүүдө.

Мындан тышкары, логистикалык чыгымдарды азайтуу үчүн “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү бекеттеринин жанында мунай кампаларын (базаларын) куруу каралып жатканы айтылды.

 

10