Күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Инстаграмдагы окурмандарынын суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу «Sport АКИpress» жазып чыкты.
— Качан турмушка чыгасыз?
— Кудай буюрса. Ал эми өзүмдү келин катары элестете албайм. Менин максатым башка.
— Кайсы сабактар жакчу эле?
— Алгебра, математика, вышмат.
— Жашооңузда эмнени өзгөрткүңүз келет?
— Мен бул жөнүндө ойлогон эмесмин, бирок мен эч нерсени өзгөртмөк эмесмин.