7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айт намазда 2,5 миңден ашык милиционер тартипти карайт

496

Бишкекте Айт намаз учурунда 2 миң 500дөн ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Майрамдык намаз 10-апрелде борбор калаадагы мечиттерде окулат. Буга байланыштуу Жумабек көчөсүнүн Абдрахмановдон Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.

Милиция көрүлүп жаткан коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну жана келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Айт намаз окулуучу жерге чоң жана көлөмдүү нерселерди, учтуу, күйүүчү жана жарылуучу материалдарды, ар кандай түрдөгү куралдарды, салют жана фейерверктерди алып кирүүгө тыюу салынат.

Айдоочулар өз каттамдарын алдын ала пландап, унаа агымын үзгүлтүккө учуратпай же чектебей ылайыктуу унаа токтотуучу жайларды тандап алышы керек.

 

497