7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айтматовдун 100 жылдыгына КМШ өлкөлөрүнөн маалымат чогултуу башталды

20

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата энциклопедиялар сериясын чыгаруу максатында КМШ өлкөлөрүнөн маалымат чогултуу башталды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук илимдер акадмиясынын Ч. Айтматов атындагы Адабият институтунун илимий кызматкери, филология илимдеринин кандидаты Артур Ажыбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чаралар Чыңгыз Айтматов жылына даярдык катары жүргүзүлүүдө.

“Негизи дүйнөнүн кайсы элдерин албайлы алардын ыйык туткан инсандары, көркөм дөөлөттөрү бар. Кыргыз үчүн ошол көркөм дөөлөттөрдүн бири Манас болсо, экинчиси Чыңгыз Айтматов деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. 2028-жылы Айтматов жылы деп атайын жарыяланып, президент тарабынан кол коюлду. Ошого даярдык катары биз мурдагы Советтер союзуна кирген же азыркыча КМШ өлкөлөрүн кыдырып чыктык. Мында Айтматовдун чыгармачылыгынын бул өлкөлөрдөгү таасирин, жалпы эле дүйнөлүк адабияттын тарыхына таасирин изилдеп жатабыз”,- деди Ажыбаев.

Окумуштуу өлкөлөрдү кыдырууда Айтматовдун эмгектеринин таасиринен ага окшош чыгармалар жаралгандыгын баамдаган.

“Биз Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Каракалпакстан, Грузия жана Арменияда болдук. Негизи акыркы 2 жылдан бери көптөгөн иштерди аткаруу менен мен бир маселеге ынандым. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы мурдагы совет өлкөлөрүндөгү жазуучулардын көбүнө чоң таасир берген. Анын натыйжасында казактарда, каракалпактарда, азербайжандарда Айтматовдун чыгармаларына окшош чыгармалар жаралган. Азыркы күндө ошолордун барын иликтеп жатабыз”, — деди ал.

21