Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кармалган жаран Б.С.О. жер комиссиясынын чечимисиз жана мыйзамда белгиленген жол-жоболорду аткарбастан, асыл тукум чарбалардын бирине 105 гектар жерди мыйзамсыз берип койгон. Кийин жергиликтүү дыйкандардын нааразычылыгын жаратып, мыйзамсыз аракеттеринин терс кесепеттеринен коркуп, жер комиссияларынын отурумдарынын протоколдорун эски мөөнөт менен жасалмалай баштагандыгы аныкталды.
Мындан тышкары, ал комиссиянын айрым мүчөлөрүн документтерге эски мөөнөттөр менен кол коюуга көндүрүп, ошондой эле УКМК кызматкерлеринин камкордугуна жана колдоосуна ээ болуп жүргөн.
Бул факты боюнча тактоо иштери башталып, анын жүрүшүндө ага текшерүү иштеринин жүрүшүнүн оң чечими үчүн акча сунуш кыла баштаган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 12-апрелде ал УКМК кызматкерине 50 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.