Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) балбандар арасындагы жаңыланган рейтингинде бир сапка көтөрүлдү.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмактагы спортчулар арасындагы тизмеде Тыныбекова 53 миң 75 упай топтоп, үчүнчү орунга чыкты. Марттын башындагы рейтингде кыргыз кызы төртүнчү орунда жайгашкан.
Айсулуу Тыныбекованын рейтингде көтөрүлүшүнө анын Азия чемпионатында алтын медаль утканы себеп болду.