7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,14
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-1°C

«Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол коюлду

314

Садыр Жапаров «Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарлык айыл айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн шыктандыруу максатында иштелип чыккан.

Жарлыкта 2022-2025-жылдары айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталып, ошол эле учурда бул салыктын жоюлушуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготуулары да толтурулат.

Ошентип, айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү максатында токтом кылынат:

Министрлер кабинети жер салыгынан бошотууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларын компенсациялап, 2022-жылдан баштап 2024-жылды кошуу менен айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу каралган мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

315