Бразилияда 2 ымыркай кокусунан коронавируска каршы эмделген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы Сорокаба шаарында болгон. Жаңылыштык менен эмчектеги 4 жана 2 айлык наристе эмделген.
Алар Pfizer компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынын дозасын алышып, балдар катуу реакция кылышкан. Наристелер дароо ооруканага жеткирилген.
Учурда бул боюнча тергөө иштери башталып, жаңылыштык менен эмдөөдөн өткөргөн дарыгер жумушунан айдалган.