7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба министрлиги кыргыз “Арашан” эт, май багытындагы жаңы кой породасын каттады

1874

15-апрелинде Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги кыргыз “Арашан” эт, май багытындагы жаңы кой породасын каттады.
“Арашан” породасындагы койлордун эт, майынын сапаты эң мыкты жана куйругу көлөмдүү болот. Бат чоңоюга жана өсүүгө ылайыкташкан. Бийик тоолордо жана өрөөңдүү талааларда багууга ыңгайлашкан.
Кочкорлорунун мүйүзү болбойт. 7-8 айлык козуларынын тирүү салмагы 48-61кг, бир жылдыгы 60-78кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177кг чейин жетет.


Учурда мындай парода да өлкө боюнча 5800дөй кой бар.
Козуларынын болжолдуу баалары 1000 АКШ долар, ал эми койлору 5000 АКШ доллардан жогору.
Бул “Арашан” эт, май багытындагы жаңы кой породасын каттоо ишине 33 фермерлер жана илимий адистери активдүү катышып, авторлукту алды.

Кыргыз “Арашан” эт, май багытындагы породасы 1970-2021-жылдары Кыргызстанда фермердик мал чарбасында чыгарылган. “Арашан” эт, май багытындагы породасын чыгарууда фермерлер 1977-жылы гиссар породасындагы кочкорду Тажикстандан алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы муундагы козуларын өзүн-өзү менен көбөйтүлгөн түрү натыйжалуу талапка дал келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1875