Азия чемпионатында алтын медаль эңерип алган кыргыздын балбан кыздарына арнап төкмө акын Аалы Туткучев ачуу сынын аралаштырып, 6 сап ыр арнады. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Аял менен айтышып алым-сабак,
Эркектер уулун сабап, жарын сабап,
Майдаланып жатканда, Кыздарыбыз,
Намыс үчүн күрөштү жанын сабап.
Граммдап Силер уткан алтындарды,
Эркектер качып кеткен барын талап…