7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайсыл райондо асыл тукум малдын кандай түрү жакшы чоңоёт? Министрлик сунуштаган тизме

734
Айыл, токой жана суу чарба министирлиги мал чарбасын сандан сапатка өткөрүү максатында, республиканын климаттык шартына ылайык асыл тукум мал чарбасын райондоштурууну сунуштайт.
«Учурда сырттан Кыргызстандын климатына ылайык келбеген малдардын породалары кирип жаткандыгын да кездештирүүгө болот. Асыл тукум малдарды туура райондоштуруу экономикалык жактан пайдалуу жана дыйкан, фермерлердин натыйжалуу киреше табуусуна зор мүмкүнчүлүк түзүлөт«-деп жазылат расмий маалымат.
Төмөндө породаларды туура райондоштуруунун тизмеси түзүлгөн:
  • Ири мүйүздүү мал боюнча:
Алатау, абердин-ангус, герефорд, буро-швиц тукумдарын республиканын бардык облустарда көбөйтүү сунушталат.
Талас облусунда аулиэатин тукуму артыкчылыктуу болуп саналат, ал эми Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарына симментал породасы ылайыктуу.
Голштиниз тукуму Чүй, Жалал-Абад, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Токтогул райондорунда жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда жакшы адаптацияланат.
  • Топоз боюнча: Айкол тукуму Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында артыкчылыктуу болуп саналат, ал эми кыргыз тукуму Баткен аймагына ылайыкташкан.
  • Кой боюнча: Гиссар, “Арашан” кыргыз эт-май тукуму республиканын бардык аймактарында сунушталат.

Кыргыз мериносу Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад аймактарында жогорку жыйынтыктарды берди.

Көп төл берүүчү койлордун тиби Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Нарын облустарында жакшы жыйынтыктарды берет.

Айкөл тукуму Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында өстүрүлөт.
Алай тукуму Ош облусуну ылайыкташкан.
  • Эчки боюнча: Баткен районунда кыргыз тыбыт тукуму жана кыргыз жүндүү породасындагы эчкилер, ал эми Чүй облусунда эчкинин сүтүү тиби жакшы жыйынтыктарды берүүдөө.
  • Жылкы боюнча: Англис тукуму жылкы породалары өлкөнүн бардык аймактарында көбөйтүү сунушталат. Чүйдүн, Ысык-Көлдүн жана Нарындын облустарында орус таскак тукумун, ал эми Талас, Чүй, Ысык-Көл аймактарында дон породасын өстүрсө болот.
«Урматтуу фермер жана малчылар! Мал чарбачылыгы жаатында сапаттуу кайра түзүү үчүн, жогорудагы маалыматтарды сактап, жетекчиликке алууңузду, башкача айтканда, жеринде тукумдарды райондоштуруу ыкмасын киргизүүнү өтүнөбүз«-дейт айыл, токой жана суу чарба министрлиги.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735