7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумтөр боюнча Абылгазиев баштаган бир нече чиновниктер эртең сурака чакырылат

3988

Эртеңден баштап Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кумтөр алтын кенине байланыштуу бир нече чиновниктерге кылмыш ишин козгоп, суракка чакыра баштайт. бултууралуу Бүгүн, 17-май УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Алардын ким экендигин тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык азырынча сыр сактаган менен, тизменин сап башында мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана бир катар өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары бар экендигин ачыктады.

“ Бүгүн токтом кабыл алынса эртеңден баштап бул адамдарды тергөөгө чакыра баштайбыз. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн фамилияларын ачык айтпай турайын, алар өлкөдөн чыгып кетпеш керек”, -деди Ташиев.

Бүгүнкү күндө УКМКда Кумтөргө байланыштуу 4 кылмыш иши тергелүүдө. 1 кылмыш иши жетекчилике, 3 кылмыш иши жетекчилик кызматтагы чиновниктерге. Ошондой эле Кумтөрдөн пара алган депутаттын иши да каралып жаткандыгын билдирди.

  •  Жаратылыш ресурстарына байланыштуу мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана башка бир топ кызмат адамдары, депутаттар коррупция үчүн айыпталып жатат,
  • Жети-Өгүз райондук администрациясы айыл чарба жерлерин бөлүп берүүдө 390 миллион сомдук зыян келтиргени боюнча,
  • Салык кызматы менен Социалдык фонд аркылуу мамлекетке түшпөй калган 1,5 миллиард сом боюнча жана “Кумтөр Голддун” жетекчилеринин экологияга келтирилген зыяны боюнча чечимдерине байланыштуу иштер.

Ыкчам тергөөнүн алкагында тийиштүү адамдардан кылмыштын курамын далилдеген фактылар табылганы айтылды.

Эске салсак Акылбек Жапапов төрагалык кылган Кумтөр боюбнча атайын комиссия “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтырууну сунушташууда.  Ошондой эле комиссия “Кумтөр Голд” компанияны Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттендирүү керектигин көтөрүп чыкты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3989