Тажикстан тарапта кармалып турган Кыргызстандын жарандары бошотулду. Алар тажиктер тарабынан сабалгандыктан, учурда ооруканага жиберилген. Бул тууралуу Өкмөтүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары, бүгүн эрте менен Ак-Сай айылынан үч тажик жаранын кармашкан. Жергиликтүү тургундар тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо максатында милицияга өткөрүп беришкен.
Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу, жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан.
Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жеринде жолугуп, эки тараптан кармалган жарандар бошотулган.
Мурдараак, тажиктер тарабынан Баткен районунун 10го чукул жараны кармалып турат деген маалымат келип түшкөн болчу. Расмий булак 3 адам экендигин тастыктайт. Алдын ала маалыматтарга ылайык, тажик жарандары кармап алган кыргыз жарандарын сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлдү.
Тажик тарап кайрадан 10го чукул кыргызды кармап алганы айтылууда