Кечээ, 16-июлда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү Кит Симмонс жана Экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Джош Темплто менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бул уюмдун колдоосу менен ишке ашкан жана жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор боюнча талкуулашты.
Бүгүнкү күндө ЮСАИД уюму Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу менен дыйкандардын кирешесин жогорулатууга, багбанчылыкты жана мал чарбасын өнүктүрүүгө, ошондой эле айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу менен кайра иштетүү потенциалын өнүктүрүү жаатында бир топ иштерди алып барат.
USAID менен министрликтин кызматташтыгынын алкагында аары жана жүзүм өстүрүү жаатында заманбап техникалык жардам ишке ашырылууда.
Министр Аскарбек Джаныбеков USAID уюмунун өкүлдөрүнө Кыргызстандын айыл чарбасын жана аймактарын туруктуу өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, министр фермер, дыйкандар үчүн атайын мал жандыктарды багууда жана жайыт жерлерди иштетүүдө окуу борборун түзүү пландарын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечекте ишке аша турчу долбоорлор боюнча келишимдерди макулдашышты.