Кузьминка метросунда болгон кыргыз- тажик мигранттарынын мушташынан кийин Москвада эмгек мигранттарын текшерүү күчөдү. Укук коргоо органдары билдирген маалыматка ылайык, акыркы 2,3 күн ичинде 900дөн ашык мигрант полиция бөлүмүнө жеткирилип, текшерүүгө алынган
Мындан улам, ИИМдин өкүлчүлүгү мекендештерди туура эмес маалыматтарды, анын ичинде улуттук маселеге байланыштуу маалыматтарды таратпоого, Орусиянын мыйзамдарын сактоого чакырат.
Белгилүү болгондой, аталган окуя боюнча укук коргоо органдары тарабынан 102 киши кармалып, кылмыш кодексинин 213-беренеси (Бейбаштык) боюнча иш ачылган. Алардын ичинен 71и Кыргызстандын жарандары.
Москва шаарынын райондук сотторунун чечими менен административдик мыйзамды бузгандыгы үчүн кармалган 102 адам 15 күнгө камакка алынган.
Учурда Москвада укук коргоо органдары мигранттардын документтерин текшерүү боюнча рейд жүргүзүп, анын алкагында алар өздүгүн тактоо үчүн полиция бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө. Ошондой эле чыр окуялар болбошу үчүн алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.