Ысык-Көлдө Россиянын 29 жаштагы жараны дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Каракол-Алакөл жайлоосунда Россиянын жараны 29 жаштагы кыз жоголгон. Жакындарынын көрсөтмөсүндө, дайынсыз жоголгон кызды жалгыз таштап, үй-бүлөсү (5 киши) отун тергени кетишкен. Кайра келип эле таппай калышкан.
Учурда жалпы 15 куткаруучусу жана ИИМдин 15 кызматкери издөө иштерин жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.