Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу Бек-Тоо дачасында өлгөн тооктордун үймөгү интернет колдоончуларынын кызуу талкуусун жаратты. Бул маалымат боюнча 7-каналдын кабарчылары жернен барып таанышкан.
«Кечээ, 22-декабрь күнү саат 16:00 чамасында бир КамАЗ өлгөн тоокторду алып келип төгүштү. Муну көргөн соң бизде күмөн ойлор жаралды. Биздин талап тооктордун эмнеден өлгөнүн тийиштүүү кызматкерлер аныктап бериши керек»-деп билдирди тургундар.
Ал эми тооктордун ээси 16 миң тоок өлүп, анын 3 миңин ушул жерге төккөнүн айтууда. «Калганы сарайда жатат. Ушул жерге төгө бергиле деп айыл өкмөтү уруксаат берген», — деди.
Учурда аталган жерде Өкмөттүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Айдарали Сарыков жана башка кызматтын өкүлдөрү иш алып барышууда.
Мал доктурдун айтымында, алгачкы анализдерде тооктордо эч кандай оору болбогону аныкталган. Ошондой эле ал тооктор буга чейин чума же башка ооруларга каршы эмдөөдөн өткөнүн айтууда.