Жогорку Кеңеш «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырып жаткан «Вега оперейтинг компани» ЖЧКнын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштоодо. Мындай сунушту “Бир Бол” фракциясы киргизди.
Депутат Айбек Осмоновдун айтымында, комиссия айрым чиновниктерге салынган айып пулдарды жокко чыгаруу боюнча маалыматты текшерет.
«Ишкана аткаминерлер менен өзүнө жакын адамдарга салынган айып пулдарды жокко чыгарып салгандыгы тууралуу маалымат бар. Карапайым эл айып пул төлөп, аткаминерлер төлөбөйт экен. Мыйзам баарына бирдей болушу керек. Комиссия түзүүнү сунуштайбыз», — деди ал.