7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тажиктерди кууп чыгыш керек!» дегени үчүн камалган кыздардын туугандары митингке чыгышты

487

Өкмөт үйүнүн алдында расалык, этникалык, улуттук, диний же этностор аралык кастыкты козутту деп айыпталып кармалган кыздын туугандарынын митинги өтүп жатат.

20 жаштагы Аксана Кемелбекованын бир тууган агасынын айтымында, алты күн мурун кыз кармалып, Панфилов районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал тажикстандыктардын барын өлкөдөн чыгаруу керек деген таризде сүйлөп, аудио жазуусу сакталып калган.

«Аудио Аксананын курбусунун телефонуна жазылып калган, ал аны тажиктер жашаган WhatsApp тобуна жиберген. Биз тергөөчүдөн аудиону угууга уруксат берүүсүн өтүндүк, бирок ага мүмкүнчүлүк болбоду. Балким, карындашым курбусунун тузагына кабылгандыр. Биздин адвокат кызды камакка алуу мыйзамсыз деп эсептейт ”, — дейт нааразы болгондордун бири.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы чагымчыл билдирүүлөрдү таратууга шектелген эки кыз аныкталып, Панфилов районунда кармалды деген маалыматты тастыктады.

«Милиция кызматкерлерине WhatsAppта тараган аудио жазуу келип түшкөн, анда аял киши Чалдовар айылынын тургундарын Тажикстандын жарандарынан кутулууга чакырган. Экспертиза таратылган аудиодо улуттар аралык жаңжалга чакырыктар бар экендигин аныктады. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этникалык, улуттук, диний же этностор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча катталган. 22-майда милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү эки кызды кармашты. Сот камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандап алды», — деп берилет ШИИБдин маалыматында.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

488