7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айып төлөөчү жайдан коррупциялык схема түзгөн инспекторлор кармалды

346

Бишкек шаардык ИИББ МККБ инспекторлору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Бишкек ШИИББ МККБнын укук тартибин сактоо бөлүмүнүн инспекторлору, мыйзамсыз материалдык баюу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу максатында, автоунааларды камоочу жайлардан алып чыгууга уруксат берүүгө жана ар кандай тоскоолдуктарды жасалма жол менен түзүү боюнча туруктуу схема түзүп алышкан.

Ишти карап чыгууну тездетүү жана оң чечим кабыл алуу үчүн, жол кырсыктардын катышуучуларын акча берүүгө мажбурлашкан.

14-январда бул иш боюнча тинтүү жүргүзүлүп, кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында Бишкек шаардык ИИББ МККБ инспекторлору: Т.С.Э., И.К.М., Б.у.З., А.К.А. кармалды.

Алар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыштарды жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

 

347