7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айзаданы качырууга катышкан 5 жаранга сот чечим чыгарды

1093

Бүгүн, Биринчи май райондук соту ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын өлүмүнө айыпталуучуларга катары өкүм чыгарганы кабарланды. Маалыматка ылайык, ала качууга катышкан 5 жаран 6,7 жылга эркинен ажыратылды. Ошону менен бирге Айзада Канатбекованын үй-бүлөсүнө материалдык зыян катары 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Айдазаны качырууга катышып, соттолгондор,

  • Замирбек Раманкулов — 6 жыл 6 айга,
  • Кубаныч Токон уулу — 6 жыл 6 айга,
  • Ажыкабыл Рысбай уулу — 7 жылга,
  • Орузбек Нурумбетов — 7 жылга,
  • Сыймык Молдосариев — 7 жылга кесилди.

Эске салсак, 5-апрель күнү  27 жаштагы Айзада Канатбекова дайынсыз жоголуп, жакындары милицияга кайрылган. Ал эрте мененки саат 7де жумушка бара жатканда, Бишкек шаарынын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен кызыл түстөгү унаа күч менен салып кеткени тасмага түшүп калган.

Милиция кызды салтка айлангандай эле качырып кетти деген үмүт менен арыз түшкөндүгүнө карабай, оперативдүү реакция жасаган эмес. 2 күндөн кийин Айзаданын жана анын жигити болгон Замир Тезекбаевдин бычакталган жансыз денеси шаардын четиндеги адырдан, жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Экспертиза, «Тезекбаев сүйгөн кызын муунтуп өлтүрүп, андан соң бычак менен өзүнө кол салган» -деп чечим чыгарган.  Бул фактыга убагында реакция жасап, кыздын өмүрүн арачалап калбаган бир топ милиция, жетекчилери баш болуп иштен алынган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1094