Кайтарууда турган батирден баалуу буюмдарды уурдаган жаран дароо кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-сентябрда саат 20:39да Борбордук көзөмөл түйүнүнө ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн карамагында турган К.Тыныстанов көчөсүндөгү батирлердин биринен чалуу келип түшкөн.
Чалуу катталган жерге Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери барышып, саат 20:43тө үйдүн короосунун качканга аракет кылып жаткан жашы 25-30 чамасындагы азият улутундагы жаранды кармашкан.
Андан соң үйдүн ээси чакыртылып, 102 кызматына телефон чалынган. Окуя болгон жерге Биринчи май РИИБнин тергөө тобу барып текшеришкенде шектүүдөн 25 миң сомдук ноутбук, 4 миң сомдук кол саат, 3,5 миң сомдук чынжырча уурдап чыкканы далилденген жана ошондой эле кылмышка шектүүнүн чөнтөгүнөн мык сууругуч табылган.
Маалыматтарды тактоо иштери жүргүзүлгөндөн соң, кармалган жаран уурдоо фактысы менен Биринчи май РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.