Бүгүн, 14-сентябрь Кадамжай районундагы Жайылма каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эрте мененки саат 07:50 чамасында Кадамжай районунун Марказ а/а Жайылма каналында болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу 102 кызматынан маалымат келип түшкөн.
Жерине Кадамжай райондук №76 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Маркумдун өздүгү такталууда…