Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу 15-июнга белгиленген отурум болбой калды. Себеби, 5 айыпталуучунун биринин жактоочусу келбей калганына байланыштуу сот 1-июлга жылдырылды.
Сотто Жазык кодексинин «Адам уурдоо», «Никеге туруу максатында ала качуу» беренеси менен беш адамдын иши каралмак.
Алар: Орзубек Нурумбетов, Замирбек Раманкулов, Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу жана Ажыкабыл Рысбай уулу.
Төртөө Айзада Канатбекованы уурдоого катышкандар, бирөө аларды ташыган таксинин айдоочусу.