7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Кытайдын президенти Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады

741

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктап, чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди каалады.

Сиздин кыраакы саясатыңыздын, салмактуу чечимдериңиздин натыйжасында Кытай эл аралык аренада ишенимдүү түрдө алдыңкы орундарды ээлеп турат. Кытайдын «Бир алкак – бир жол» демилгеси дүйнө жүзүнө таанылып, ар кайсы континенттердеги көптөгөн мамлекеттерди бириктирген демилгеге айланды. Сиздин акылман жетекчилигиңиз менен Кытай COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө чоң ийгиликтерге жетишти жана башка өлкөлөргө пандемия менен күрөшүүгө жигердүү жардам көрсөтүүдө. Учурдан пайдаланып, Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасына өз убагында көрсөтүлүп келе жаткан гуманитардык жардам үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Кыргызстан ар дайым Кытайдын достук мамилесин жана колдоосун сезип турат», — деп айтылат куттуктоодо.

Мамлекет башчысы кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелеринин бардык тармактарын өнүктүрүү боюнча конструктивдүү ишти мындан ары да улантууга даяр экенин ырастады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

742