Алтынбек Абдувапов Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Салык кызматынын жамаатына жетекчинин жаңы орун басарын тааныштырды.
Жапаров Салык кызматынын алдында турган приоритеттүү милдеттерди, анын ичинде салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, салык жол-жоболорун андан ары санариптештирүү боюнча милдеттерди белгилеп, салыктык башкаруу системасында олуттуу реформалардын зарылдыгын көрсөттү.
Белгилей кетсек, Алтынбек Абдувапов буга чейин Мамлекеттик салык кызматында башкармалыктын начальниги кызматын ээлеп келген.