Базарда сабиздин баасы 100 сомго чыкты. Дүн баасы кечээ 70-75 сом болуп жатса, бүгүн 90 сомго жетти. Былтыр ушул маалдагы баанын 15, 20 сом экендигин эске алсак, 100 сомго көтөрүлүүсү күтүүсүз да болду.
Карапайым эл үчүң албетте күтүүсүз. Бирок, атайын кызматтар бул жагдайды алдын ала билип туруп, чара көргөн жокпу деген суроо жаралат.
Мамлекеттик антимонополия агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков, баалардын өсүүсүнө монополиялык таасир жок экендигин айтат.
«Быйылкы түшүмдүүлүк 20-25 күнгө чейин кечеңдеген. Анын натыйжасында ортодо сезондук тартыштык пайда болду. Бирок сабиз рыногунда бир дагы монополия жок. Миңдеген алып сатарлар иштешет. Алар Өзбекстан, Казакстанга ташып кетип жатат. Ким канча эгип жатат, кайда сатып жатат, бул маселени айыл чарба министрлиги көзөмөлдөш керек эле. Алар тийиштүү чараларды көрдүбү жокпу…«-деп суроо салат агенттиктин директору Тайлаков.
Ал эми Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрли бул жаатта эмне аракет көрүп жатканы белгисиз. Жооп алууга канча аракет кылсак да алгылыктуу жооп берген адис болбоду. Аларда азыр башка көйгөй. Аныгыраагы Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов аймактарда сугат суу маселеси оор абалда экендигин айтып, министрликтин айласы кетип турган чак.
Интернет желеде 2 күндөн бери сабиздин баасы канчалык талкуу болбосун, министрликтин расмий баракчасына бул темада бир да маалымат илинген жок.