Россиянын Уфа шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык Айжан Сабырбек кызы коло медаль үчүн күрөшөт. Ал 53 кг чейинкилер арасында 1/8 финалда мелдешип баштаган.
Алгачкы беттештерде жеңип чыккан Айжан Молдованын өкүлү менен жарым финалда кезиккен. Жеңишке жеткен молдовалык спортчу финалга чыгып, Айжан бүгүн, 20-августта коло байге үчүн күрөшө турган болду.
Айжан Сабырбек кызы (53 кг чейин) 1/8 финал
Айжан Сабырбек кызы — Александра Булава (Беларусь) — 8:2 1/4 финал
Айжан Сабырбек кызы — Отгонтуя Чинболд (Монголия) — 5:4 Жарым финал
Айжан Сабырбек кызы — Михаэла Самоил (Молдова) — Самоил туше менен жеңди
Коло байге үчүн ким менен беттеше турганы азырынча белгисиз.