7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акжол Махмудов жана анын машыктыруучуларына берилген миллиондор тизмеси

4708

Акжол Махмудов Токио 2020 Олимпиадасында алган күмүш медалы үчүн мамлекет  тарабынан берилген сый акыга Бишкек шаарынан үй алуу ниети бардыгын билдирди.

«Көп жылдан бери Бишкекте ижарага алган батирде тургандыктан, мамлекеттен берилген сыйлыкка үй-бүлөм үчүн үй сатып алууну пландап жатам», — дейт 22 жаштагы балбан жигит. Эске салсак ал Ош облусунун Араван районунда төрөлүп, өскөн. Азырынча үй-бүлө кура элек. Алдыда Париждеги Олимпиададан алтын алуу үчүн, борбор калаада машыгуусун улантаарын билдирет.

Жалпысынан мамлекет Махмудовдун күмүш медалы үчүн 15 млн 725 миң сом бөлөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, акчалай сыйлыктарга салык алынбайт.

  • Акжол Махмудов — 7,5 млн сом;
  • Башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев — 2 млн 225 миң сом;
  • Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков — 1 млн 875 миң сом;
  • Жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов — 1 млн 875 миң сом;
  • Биринчи машыктыруучусу Жеңиш Сатыбалдиев — 750 миң сом;
  • Дарыгер Бактыгүл Алишева — 750 миң сом;
  • Укалоочу Константин Еремич — 750 миң сом.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4709