7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Ордодо 2 адамды өлтүргөн шектүү качып кеткен учурда атып өлтүрүлдү

243

Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран качып кеткен учурда жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин, ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ак-Ордо жаңы конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектүү 2006-жылы туулган И.С. кармалган.

Бүгүн, 14-октябрда Чүй областынын Кемин районунда кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүзүү учурунда, шектүү качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда, Кыргыз Республикасынын «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Мыйзамынын 45, 46-беренелерине ылайык, кызматтык куралды колдонушкан. Натыйжада, И.С. алган жаракатынан каза болгон.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө, териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

 

 

244