Ак-Талаа районундагы Ала-Буга дарыясына түшүп кеткен адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 27-декабрь күнү Ак-Талаа районунун Үгүт айылынын батыш тарабындагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын Жылуу-Суу участогундагы, балык уулоого барган Баетов айылынын тургуну, 1993-жылы туулган М уулу С атуу жаран кокустуктан сууга түшүп кеткендиги маалым болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куркаруучулары, жакындары жана достору муздарды талкалап, узун зымдарды сууга салып издешүүдө. Суунун агымы катуу болгондуктан суучулдарга сууга түшүүгө мүмкүн эмес. Суунун жээгинин муздактыгы -25-30 градуста түзөт. Жеринде күн сайын ӨКМдин Ак-Талаа бөлүмдүн жооптуу офицери, куткаруучулар жана жакын адамдары, достору менен издөө иштери токтоосуз улантылып келүүдө. 1-январь күнү Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Жылуу-Суу участкасынын өйдө жагынан болжолдуу 200 метр аралыктан суунун нугун буруу иштери ДЭУ мекемесинин эксковатору менен суу жарым жартылай бурулду. Дарыяны көпүрөдөн суунун агымы менен жээктеп 15 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлдү. Издөө иштерине ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 1 офицер жана 6 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБнөн 5 офицер 9 куткаруучу (баардыгы 6 офицер, 15 куткаруучу) жана жакындарынан 30 адам тартылды. Андан тышкары кошумча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун ӨКБнүн №46 бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылып Кочкор-Дөбө, Адыке, Чотуке участакаларынын суунун жээгинде издөө иштерин аткарышты натыйжада табыла элек.
«Кечээ, 2-январь күнү издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 1 офицер жана 6 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБнөн 5 офицер 10 куткаруучу жана жакындарынан 8 адам тартылып издөө иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет», — дейт басма сөз кызматы.