Маркумдун кара ашы аяктап, келген эл тарай баштады. Байбиче, жыйналган боз үйдүн түндүгүнө АК ЖООЛУК байлап, бошогон казандарга МАЙ ТОМУРУП, БООРСОК УУЧТАП салды да, жигиттерге кайрылып:
-«Эрте күндү кеч кылбай ээлерине жеткирип бергиле”-деди.
Эне, эмнеге түндүккө ак жоолук байлап, бошогон казанга тамак салышты? — деди, энесине учкашып бараткан тестиер кыз.
Аа, кызым элибизде ушундай салтыбыз бар.
— Ак даарысын, Ак жалгасын, жамандык ушу жерде калсын-деп Ак тилек менен, кара ашка тигилген боз үйдү ээсине АКТАП кайрып беришет.
— Казаныңар какшыбасын, майлуу-сүттүү болуп, кырына чейин мелт калт толуп, берекеси ашып, кайнаса ташып турсун-деп ырымдайт. Кыргызда, ээсине калдыратып бош идишти кайтарышпайт, кызым.
Кыргыздын кылым карыткан салттарынын бири. Бүгүн да элибизде, айрыкча элетте карманып келишет…
Билип жүргөнүбүз абзел.