7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акаев Жогорку Кеңештин таркашын колдой турганын билдирди

285

Учурда “Жогорку Кеңеш жакында таркайбы?” деген суроонун тегерегинде кызуу талкуулар арбып жатат. Бирок, анын себеби жана так мөөнөтү ачыктала элек. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо максатында эл өкүлдөрүнүн өздөрүнө кайрылып, алардын пикирин угуп көрүүдө.

Өз учурунда бул суроого биринчилерден болуп депутат Жанарбек Акаев жооп берди жана парламенттин мөөнөтүнөн мурда таркашы боюнча оюн билдирди.

Ал “Азаттык” менен болгон маегинде: “Азыркы Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркашына эки себеп бар. Биринчиден, 2026-жылдын аягында парламенттин шайлоосу өтүш керек. Бул шайлоо аяктап, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) андагы бюллетендерди кол менен санап бүткөнгө чейин эле 2025-жылдын 24-январында президенттин шайлоосу келип калат. Үгүт иштери башталат. Менимче, БШК техникалык жактан да, уюштуруу иштеринен да үлгүрбөйт. Бул шайлоолорду БШК эч кынтыксыз өткөрүш керек. Бул үчүн парламенттин шайлоосунун бир жыл мурун өткөнү туура болот деп эсептейм. Экинчиден, азыркы депутаттар парламент шайлоосу тууралуу жаңы мыйзам кабыл алды. Мындан ары партия деген болбойт, көп мандаттуу округдардан үчтөн депутат шайланып келет. Азыркы депутаттар жаңы системага өтүүнү колдогон соң жаңы шайлоо өтүшү керек”,— деп билдирди Акаев.

Булак: “Азаттык” https://www.azattyk.org/a/33518761.html

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

286