7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Акиф» эт базарынын негиздөөчүсү жана директору кармалды

670

Ош базарынын аймагындагы «Фирма Акиф» ЖЧКсынын эт базарында ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

«Акиф Фирма» ЖЧКсы кош бухгалтердик эсепти түзүп, соода жайларын жана орундарын ижарага берүү үчүн чогултулган каражаттар тийиштүү түрдө документтештирилбей, финансылык документтерде эсепке алынбастан төлөм жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда базар жетекчилери күн сайын ижарачылардан 100 миң сомго жакын акча чогултуп, бирок жеке баюу жана салык төлөөдөн качуу максатында каржылык отчёттордо алынган пайданын көлөмүн 90%га чейин кем баалашкан.

Ошондой эле, «Акиф Фирма» ЖЧКсынын жетекчилери алдамчылык аракеттери менен өзгөчө ири өлчөмдө жабырлануучунун мүлкүн тартып алганы аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иштердин негизинде 14-февралда 1965-жылы туулган «Акиф Фирма» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана 1973-жылы туулган «Акиф Фирма» ЖЧКсынын башкаруучу директору кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди:

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

671