Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-май күнү Октябрь райондук милициясына калаа тургуну О.Э арыз менен кайрылган. Анда март айынын башында чала таанышы О.А арыз ээсине Ош облусунун райондорунун бирине аким болууга жардам берем деп 9 миң 700 доллар каражатын алып, из жашырып кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси «алдамчылык» менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
«Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине шектелип, 1958-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин сот анын баш коргоо чарасын карап СИЗО-1ге эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган. Учурда иликтөө иштери уланып жатат», — деп билдиришти райондук милициясынан.