Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы шахта ичинде калган эки жаран көз жумду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Маркай айылынын Өрүктү тилкесинде жайгашкан шахта урап, 1975-жылы жана 1977-жылы туулган 2 адам ичинде калып калган.
Белгилей кетсек, куткаруучулар маркумдардын сөөгүн шахтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.